www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» маек бергени маалым болоду.

Маектин алкагында  өлкө башчысы шайлоо кампаниясы, добуштарды сатып алуу тууралуу суроого жооп берди.

«Мен мурда да айткам, азыр да баса белгилеп кетким келет. Шайлооону таза, адилет өткөрүү үчүн президент — мен тарабымдан талап кылынчу мыйзамдын алкагындагы милдеттеримдин баарын аткардым, аткарам. Бирок бул процесс бир гана президенттен же өкмөттөн, БШКдан гана көз каранды эмес. Добуш сатпоо маселеси биринчи кезекте партиялар, партиянын ичиндеги талапкер, андан кийин шайлоочулардан түздөн-түз көз каранды.

Мен Коопсуздук кеңешин атайын ушул шайлоо маселеси боюнча өткөрүп, укук коргоо органдарына тапшырмаларды бердик. Эң негизгиси — кандай гана мыйзам бузуу болбосун, анын ичинде добуш сатуу фактылары боюнча бардык партия, талапкерлерге бирдей катуу талап коюлган. Бул боюнча иш аткарылып жатат. Фактылар болсо — жазаланат.

Бирок, тилекке каршы, биздин шайлоочуларыбыз имиш-имиш сөздү талкуулап, укук коргоо органдарына мага добушуңду сат деди деп кайрылган учурлар болбой жатат. Эл арасында ушул партия ушинтип жатыптыр деп айтып жатышат, ал сөздөрдү мен угуп жатам. Органдар иштеп жатышат, бирок мына ушул боюнча кайрылган факт жок болуп жатат. Бир же эки эле учур болбосо, негизинен имиш-имиштер болуп жатат.

Бирок, ошого карабастан, тиешелүү органдар азыр ошондой кылам деген партияларга, ошондой сөз болгон жерлерде, түздөн-түз кайрылбаса дагы, иштеп жатат.

Демек, сиз айткандай, коомубуз өзү да ушуга барып жатат деген туурадыр. Добуш сатуу менен коом да күрөшүш керек.

Азыр угуп, көрүп жатам. Сиздер, массалык маалымат каражаттары элди чакырып, жакшы түшүндүрүү иштери болуп жатат. Ушул ишти күчөтүүбүз керек. Элге ушуну сиңириш керек. Бул өзүбүздүн, элибиздин, балдарыбыздын, мамлекетибиздин келечеги. Ушундай көрүнүштөргө жол бербешибиз керек деп өзүбүз да күрөшүүбүз керек.

Мына, айтып жатышат, паспортун алып кетип жатышат деп. Паспортун алып кетип, азыр мынчадан беребиз, калганын кийин беребиз деп жатышат деген сөз болуп жатат. Бирок кайрылып, мына, менин паспортумду алды, муну мындай кылды деп кайрылган адам жок болууда.

Ар бир шайлоочунун өз иши, кандай кылат. Бирок паспортун эч кимге бербеш керек. Ал өзүнүн жеке документи. Добуш берүү купуя сакталат. Эч ким мажбурлай албайт, буга сал, буга салба деп. Кимге добуш берсең, аны билип алат деген да сөз бар. Аны билбейт, андай технология жок азыр. Шайлоочу өзү жалгыз калат кабинкада, бюллетенди каалаганына салат. Кимге добуш бересиң, өз эркиң», - деди президент.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости