www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мусулман зыяратчылар жаңы коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөн кийин гана Мекке жана Мединадагы ыйык жерлердеги чоң жана кичине зыяратка катыша алышат. Мындай чечимди Сауд Аравиясынын өкмөтү кабыл алгандыгын ТАСС агенттиги билдирди.

"Ажылык сапарга баруунун негизги шарты - бул жаңы коронавирустук вакцина" деп айтылат өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Быйыл Ислам дининин ыйык жерлерине болгон улуу зыярат июль айынын экинчи жарымына туш келген. Өткөн жылы пандемияга байланыштуу ажылыкка 10 миң гана адам катышкан, анын 30% саудиялыктар жана 70% өлкөдө жашаган чет элдиктер. Чет өлкөдөн келген зыяратчылар ажылыкка кабыл алынган жок. 20 жаштан 50 жашка чейинки өнөкөт ооруга чалдыккан, жаңы коронавируска чалдыкпаган, мурда ажылыкка барбаган жана карантиндик мөөнөткө чыдап берүүгө даяр адамдарга атайын уруксат кагаздарын берүү артыкчылыктуу болгон. Алардын арасында коронавирус алып келген оорудан айыгып кеткен дарыгерлер дагы болгон. Чет элдик журналисттерге иш-чараны чагылдырууга тыюу салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости