www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев коом менен тыгыз байланышта болуу максатында Фейсбук жана Инстаграм социалдык тармактарында түз эфирге чыгып, көрөрмандардын суроолоруна жооп берди. Анда пенсия курактагы мектеп директорлорун алмаштыруу керекпи деген суроо берилип, министр төмөндөгүдөй жооп берди:
"Мектептерде директорлорду дайындоо боюнча жаңы механизмдер иштелип чыгат. Бул боюнча жакында өкмөткө сунуш беребиз. Мектеп директорлорун дайындоо боюнча мыйзамга жаңы норма киргизели деп турабыз. Ага ылайык, мектеп директорлору 5 жылга дайындалат. Эгер жакшы иштебесе комиссиянын чегинде кароо менен кайра жумуштан четтетилет. Бирок жамаат 5 жылга чейин бир туруктуу жетекчи менен иштешсе жакшы болот", - деп жооп берди министр.
Булак: NazarNews.kg