www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алтын бардык доордо тең баалуу болуп эсептелинип келген. Баалуу металл аркылуу соодалашып, белек катары беришип ошондой эле капиталды сактап жана көбөйтүп келишкен.

Мунун көптөгөн объективдүү себептери бар. Алтындын баасы  экономикалык кризистерден таасир этпейт, анын баасы жыл сайын жогорулайт жана ишенимдүү актив.

Кыргызстанда жарандар беш жыл мурун алтынга инвестиция сала башташкан. 2015-жылдын май айында республиканын Улуттук банкы 1, 2, 5, 10, 31.1 жана 100 граммдык таза куйма алтындарды чыгара баштаган. Бул жыл ичинде эмиссиянын биргелешкен көлөмү 260.71 килограммды түзгөн.

100 граммдык алтындар «Кыргызалтында» куюлса, калгандары Казакстанда өндүрүлүп, чыгарылат.

«Беш жыл ичинде 7 миң 883 даана ар түрдүү алтын куймалар сатылган жанан сатылып алынган. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында ар түрдүү 275 куйма алтындар өндүрүлгөн. Бүгүнкү күндө жүгүртүүдө 3 миң 686 куйма алтын бар. Бардык номиналдар тең суроо-таплапты жаратууда», — деп белгиледи «Акчабарга»Улуттук банктан.

Муну менен катар кыргызстандыктардын дээрлик 0.2% алтын куймаларды инвестициялоо куралы катары пайдаланышат. Ал эми каражат аркылуу сакталган инвестициянын көлөмү (Улуттук банктын ушул жылдын январь айындагы маалыматы боюнча) 44.6 млрд сомду түзгөн. Эгерде алар инвестицияны каражат аркылуу эмес, алтын менен сакташса, кирешенин көлөмү 17.7 млрд сомду түзмөк дагы, 39.6% көп болмок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости