www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыш мезгилинин келип, күн сууктап, көпчүлүк аймактарда жолдор тоӊууда. Буга байланыштуу мектеп окуучулары ар кандай кырсыктарга кабылып калуусун алдын алуу максатында Ош ОИИБдин жашы жете электер иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери тарабынан Ош облусундагы мектептерде түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүүдө. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Жашы жете электер иштери боюнча инспекциясынын кызматкеринин ар бири таң аткандан баштап билим берүүчү мекемелердин жанында окуучулардын коопсуздугун камсыздап, өзгөчө башталгыч класстарда окуган окуучулардын жолдон коопсуз өтүүсүн камсыздоо менен жумушун баштайт.
Ошондой эле, мектеп окуучуларына жол кыймылынын жана жолдо жүрүү эрежелерин түшүндүрүлүүдө.
Ош облусунун аймагында 40тан ашуун мектеп эл аралык маанидеги жол трассасынын жээгинде жайгашкан. Ош облусунун ички иштер башкармалыгы ата-энелерден жаш балдарына жол кыймылынын эрежелерин үйрөтүүнү жана жарык чагылдыруучу бинттер менен камсыз кылууну суранат.
Булак: NazarNews.kg