www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 1-апрелинен тарта билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды. Бул тууралуу министрлик билдирди.
Маалыматка ылайык, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга 5 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация төлөнөт.
Буга чейин бир ставкада иштеген короо шыпыргыч, ашкана жана техникалык тейлөө кызматкерлеринин орточо эсептелген айлыгы 8 миң 448 сомду түзгөн. Тиешелүү кармоолордон кийин алардын колуна орточо 6 миң 843 сом тийген.
Айлык акы жогорулатылгандан кийин эсептелген сумма 12 миң 672 сомго жетип, президенттик компенсация менен жалпы 17 миң 672 сомду түздү. Салыктар жана башка кармоолордон кийин кызматкерлердин колуна орточо 13 миң 960 сом түшөт. Бул мурдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу эки эседен ашык көп.
Мындан тышкары, министрлик мектептердин чарбалык муктаждыктарына каражат республикалык бюджеттен бөлүнөрүн белгиледи.
2026-жылы мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарына чарба жана кеңсе товарларын сатып алууга 205,5 млн сом, ал эми учурдагы оңдоо иштерине 404,8 млн сом каралган.
Министрлик бул каражаттар мектептерди оңдоп-түзөөгө, кайтарууга жана зарыл болгон тиричилик буюмдарын сатып алууга багытталарын маалымдады.