www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Асман шаарынан чыккан ыпылас агындылар кай жакка барып куйулат? Кай жерден тазаланат? Ошончо калк эмне менен алектенип, жан багышат? Садыр Жапаров эмне үчүн бул азаптуу долбоорду эки колдоп, коргоп жатат? Мындай суроолорду журналист Мелис Арыпбек салып, Асман шаарынын курулушу тууралуу ой-пикири менен бөлүштү.

"Чыккынчылыктын дагы чеги болот эмеспи калайык калк. “Асман” шаарын куруш үчүн жыйырма миллиард доллар каржыланат деген маалымат тарап жатат. Анын канчасын "шапке" катары президент Жапаров алат, ал жагын бийлик башы гана билет. Ансыз кыкеңдер тараптан өлүп баратса да инвесторго уруксат берилбейт. Туурабы? Суроолор жаралат: Ушунчалык эле ыйык көлдүн жээгине жарым миллион эл жашагыдай, көп кабаттуу шаардын жаралышы эмнеликтен болуп жатат? Анчалык эле Жапаровторго жаңы шаар керек болсо, ыйык көлдөн башка жерлер калбай калыптырбы? Маселен, сууга мол, Орто-Токой суу сактагычынын айланасы. Ал жакта Союз учурунда да, шаарча курула баштап, анан токтоп калган. Азыр анын изи дагы жок, тонолуп, ташылып кеткен. Эмне үчүн сөзсүз Асман шаары ыйык көлдүн айланасына курулушу зарыл? Аны кайсыл, кайдан келген инвесторлор курушат экен? Ал шаарды курамын дегендердин көздөгөн максаттары эмнеде? Баардыгы жаап жашырылган. 500-700 миң эл жашачу шаарда кайдан келген эл жашайт? Жалпы ыйык көлдүн эли дагы 500 миңге жетпейт. Анын жарымы чет өлкөлөргө чыгып кетишкен. Андыктан, кайсыл караандары көрүнбөгөн карайлаткан калктар үчүн бул шаар курулат экен?

Ошончо калк жашаган шаардан жаралган ыпылас агындылар кай жакка барып куйулат? Кай жерден тазаланат? Миллиондогон тонна таштандылар кай жерден утилизация болот? Ошончолук чоң шаарга электр кубаттуулук кайдан келет? Ичкенге суулар кантип агылып келет? Шаарды жылытып, ысыткыдай газ, көмүр дагы кайдан алынат? Ошончо калк эмне менен алектенип, жан багышат? Жумушчу оорундарга канчалаган өндүрүш тармактар курулат? Алар экологиялык таза зоот фабрикалар болобу? Жер суу, обону уулашпайбы? Ушул сыяктуу күмөндүү суроолор абдан көп. Эң негизи инвесторлор кайсыл өлкөдөн? Алардын эмне үчүн атайын ыйык көлдүн жээгине жакын шаарды курушу керек? Садыр Жапаров эмне үчүн бул азаптуу долбоорду эки колдоп, коргоп жатат?

Альтернативдик варианттар таптакыр жокпу, бул асмандаган ойлорду жараткан Асман шаарына? А эгерде, Садыр Жапаровдо анча-мынча мамлекеттик деңгээлде акыл пештеп, ой калчаган акыл-эс болгондо, анда ал, сөзсүз, мен көтөргөн суроолорду алгач алдыга коймок. Кандай дейсиңер калайык калк? Демек, ак карасын талдап, тактап, тастыктап, таразаламак. Ошондойбу? Ошончолук кыйын, элин ойлогон акылман болсо, анда Садыр Жапаров, алгач ушундай курулуштун базасын жаратмак. Ага эмнелер кирмек? Азыркы жана болочок үчүн социалдык, экономикалык туруктуу базаны куруу. Ал үчүн, жамандыр жакшыдыр инфраструктурасы бар, Союздун учурунда курулган Балыкчы шаары аңырайып, каралбай турат, баардыгы жарактан чыгып, Кумтөрдүн базасына, цианиддер складына айланып. Алгач ушул шаардын экономикалык, социалдык базасын жаңылантып куруп чыгуу керек. Ошондо жумушчу оорундар жаралат, бош жүргөн эл жанданат. Асман шаарын кура турган куруучулар Балыкчыда жашашат да, иштерине атайын унаалар менен ташылат. Жыйынтыгында, чыгымдар азаят, Балыкчы шаары жанданат. Эл кызыгып, агылат. Ыйык көлгө жакын эмес, Балыкчынын бош турган айланасына салынышы абзел жаңы шаар. Өзгөчө, миңдеген бош турган күңгөй тарабындагы жерлерге. Ал жакка казактарга бекер агылып жаткан сууларды насостор менен тоо этегине суу сактагыч курушуп, ал жайга суулар толтурушу зарыл. Боом капчыгайынан чыккан жерден баштап, сууну көп ичпеген дарактар тигилип, шуулдаган токойго айланышы зарыл. Ошондо гана Асман шаары көркүнө кулпуруп чыгат. Арасына тоолордон айбанаттар кайрылып келет. Чымчыктар сайрайт. А эгерде ушул жерлер өзбектерге тиешелүү болсо, бейиштин төрүнө айлантышмак, казактарга бир тамчы суу бербестен. Кандай дейсиңер, көкүрөгүндө намысы бар азаматтар? Ой бөлүшөлү. Кыргыздын жерлери, өзгөчө, ыйык көл, бул эки достун атасынан калган менчиктери эмес да. Же болбосо, андай эмеспи?" , - деди Мелис Арыпбек.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости