www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орхан Инандычыларга кайрылуу...

Бир апта бою жанталашып жарышып, Режеп Тайип Эрдоганга асылып, кайдагы бир эл аралык издөөгө алынган аферист террорист Орхан Инандыны колдоп, кыйкырып айкырып келдиңер. Туурабы?

Азыр кайрадан тежиктер кол салып кырчындай 28 жаштагы чек арачы жигитибиз курман болду. Кана ошол иначы ашынган арамзалар, өзүбүздүн жараан жаштайынан жабыркап, мекени үчүн окко учуп жатса, коргоп, Рахмонго атырылып асылганыңар?

Демек, өзүбүздүн арабызда арсыз алсыз арам саткындар аябай көбөйгөн экен да. Эмнеге ошол эле Орханга окшоп кыргыздын эли жеринде, кафе ресторан, соода борборлорун иштеткен кутурган түрктөр азыр деле кыргыздарды адам катары көрбөй кыздарын четинен бузгандар толтура, кана аларды тыйып, жок дегенде бирин каматканыңар? Демек, жалпыбыз жалпайып арсызбыз алсызбыз, саткынбыз...

Бир эл аралык денгээлдеги экстремист террорист Орхан Инандыга жан үрөп, Эрдоганга асылып жатып эмне таптыңар арсыз саткындар? Дал ошол Эрдоган өзүнүн коргоо министирин өз учурунда Кыргызстанга жөнөтүп, колдоо көрсөттү. Ошол Эрдоган болочокто бизге аска зоодой калканыч болот. Россия эмес Режеп Тайип бизге кол сунуп курал жарак менен жардамдашат. Дал ошол Эрдоган акыры Рахмонду олутуна коюп, өпкөсүн үзөт.

Биздин колубузга жетиштүү курал жарак ок дары болгондо, анда биз тартынбай, ошол эле күнү чектен чыккан тежиктердин сазайын берип, аларга мыйзамсыз кетип калган ата бабалардын ыйык жерлерин кайрып алабыз. Андай күн дагы келет.

А эгерде биз бөлүнүп жарылбай, байыркы ар-намыскөй жоокерлик биримдигибизге келсек. Ал үчүн ичибиздеги саткын чыккынчылардан тез арада тазаланышыбыз керек. Сырткы душмандан дагы ушул ызылдаган ырайымсыз ыпыластар жүз эсе опурталдуу экенин учкай учур ачык-айкын көрсөтүп турат. Же болбосо, андай эмеспи? Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевке асылып атырылгандарды четтен эсине келтирип, чара көрбөсөк, анда алар сырткы душмандардын камчысын ойда чапкандарына күбө болдук го. Кандай дейсиңер кара кылды как жарган калайык журт?

Мелис Арып-Бек, эркин журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости