www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Мелис мырза Зууракан Каденова Түштүк Кореянын аэропортунда учакка мас абалында кирип ызы-чуу салганына коомчулук эки тарапка бөлүнүп, бири мас болгон, экинчиси мас болбой валерьянка ичиптир деп чоң талкуу жаралып кетти, сиз кайсыл тараптасыз?

- Мен чындык, адилеттүүлүк тараптамын. Биринчиден эң биринчи бул окуя тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова жазып чыкты, эл өкүлү бекеринен жазмак эмес бул бир. Экинчиси, “Эйр Астана” компаниясы Зууракан айым учактан түшүрүлүп жаткан учурда ал айым мас абалында болгонун маалымдап кара тизмеге киргизишти, эртеси Каденова башка компаниядан билет алып, мекенибизге учуп келип жатат. Албетте бул сиз айтып кеткен валерьянкадан болушу ыктымал эмес. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев буйрукка кол коюп, Каденова Зууракан Кыргыз Республикасынын "Эмгек жана социалдык өнүгүү министиринин орун басары" кызматынан бошоткону туура кадам болду деп эсептеймин.

- Эмне себептен айрымдар бул чуулгандуу окуядан саясат издеп, сөздөр өлкө башчыбызга тийип жатат?

- Бир эле себеп бар, Атамбаев жана анын арам чоң акчасына иштеп жаткандар уктаган жери жок. Мен буга чейин берген маектеримде айтканым туурасынан чыгып далилденип баштады. Атамбаевдер бир нече чоң ММКларды колго алып, ашыкча каражат төлөп, президент Жээнбековду кара пияр аркылуу жаманатты кылабыз деген кыялы бар. Бир топ аттуу-баштуу саясатчыларды колго алып, аларга дагы арам акчасынан ыргытып коюп, мен кайрадан бийликке келсем жакшы кызмат силерге берем деп убада берип жүрөт. Буга далил катары кече күнү Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султанов пресс-жыйын өткөргөнү болду.

Мындан эки апта мурун эле, Султановго караштуу “Супер-инфо” гезити, жүз миң нуска менен чыккан санында, Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөлүк бийлиги Акаев менен Бакиевден да ашып түштү деп каралады, андан соң super.kg маалымат порталынан дагы таратышты. Бул Атамбаевдин тобунун кылыктарынын башталышы, улам сайын булар күчөйт, аябагандай пас кадамдарга өтсө таң калыштын кереги жок.

Мени өкүндүргөнү, ушул мас аялдан саясат издеп, Каденова түштүктөн болоорун баса белгилешип, элди ызы- чуу кылып жаткандары. Бул чуулгандуу окуя Атамбаевдин айланасына балдай жагып, валерьянканы шылтоо кылып президент Сооронбай Жээнбековдун короосуна таш ыргыткандары туура эмес. Каденова эмне президент менен ичиптирби, же президент ага куюп бериптирби, президенттин бул окуяга эмне тиешеси бар?

Маектешкен, Перизат Кутманалиева

Булак: NazarNews.kg

Последние новости