www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Актау шаардык сотунда “Телеграмдагы” билдирүүсүндө “бийликти басып алууну көздөгөн, Казакстандын конституциялык түзүлүшүн күчтөп өзгөртмөк болгон” деп айыпталган 38 жаштагы Айгүл Акбердиеванын иши боюнча сот башталды. Сот отурумуна Айгүл Акбердиеваны колдоп, Актау жана Атрау шаарларынын тургундары да келди.

38 жаштагы келинге кылмыш иши 26-июнда козголгон. Тергөөнүн маалыматына караганда, анда 2017-жылдын декабрында “Инстаграм” социалдык тармагы аркылуу өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылына кошулууга үндөгөн программа менен таанышкан соң бийликке каршы ой пайда болгон. 2018-жылдын февраль айында "Айкена", "Айкен", "Айгөлек" никтери менен “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылынын “Телеграмдагы” тобуна кошулуп, бийликти кулатууга чакырган бир нече билдирүү жазган деп айтылат айыптоо протоколунда.

18-сентябрда Айгүл Акбердиеванын жолдошу Авлобас Жумаевди да Актау соту “уруулук, социалдык кастык жаратты, бийликти күч менен өзгөртүүгө аракеттенди” деп үч жылга эркинен ажыраткан. Авлобас Жумаев күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Быйыл 13-мартта Астананын Есил райондук сотунун чечими менен "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылы экстремисттик деп табылып, өлкө аймагында анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Кыймылды президент Нурсултан Назарбаевдин чет өлкөдө жашаган негизги каршылашы жана мурдагы банкир, оппозиционер Мухтар Аблязов жетектейт. Аблязов өзү Казакстанда бир канча иш боюнча соттолгон.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости