www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Саламатсызбы Мелис мырза, президент Жээнбеков менен Атамбаевдин тирешүүсү күндөн күнгө өсүүдө, азыркы саясий учурдагы сиздин көз карашыңыз кандай?

-Саламатчылык. Атамбаев өлкө башчы болуп турганда, анын ишмердүүлүгүнө бир ууч адамдар эле сын айта алчу, азыр сындагандар (күлүп) кыйла арбын болуп кетиптир... Ошол кездеги биз айткан кылыктары азыркы тапта ачыкка чыгып, Атамбаев көптөгөн коррупциялык иштердин башында турганы билинип калды. Негизи Атамбаев башынан эле чоң ууру болгонун Акаев айтып кеткен эле, Атамбаев миллион долларларды уурдагандын эң оңой-олтоң жолун колдонуп, ошол арам жолго түшкөн. Чет мамлекеттерден чоң каражаттарды мамлекеттик денгээлде насыяга алып, ал акчаны чоң стратегиялык долбоорлорго салып, 30% - 50% чейин капчыктарына салып, кыргыз элин карызга батырып кетти.

Эми ошол өтө чоң каражатына ишенип, бир катар саясатчылар менен жолугуп азыркы бийликке чабуул кылам деген максаты менен жүрөт.

-Атамбаев сизге тууган болгону чынбы?

-Атамбаев Аламүдүн районунун Арашан айылынан болот, менин апам дагы ошол Арашан айылынан, ал эми Атамбаевдин апасы биздин Чокморов (Мурунку Чоң-Таш) айылынан болот, эки айылдын аралыгы жарым сааттык жөө жүрүштөн турат, биз тайке-жээн болгонубуз чын.

Биз турган жерди “Верхний зона” деп атап коюшат Кой-Таш, Воронцовка, Байтик, Заречный, Арчалы, Чоң-Арык биздин кошуна айылдар. Убагында биз Атамбаевдин режимине каршы чыкканда, азыр мен атап кеткен аймактын тургундары мени жаман көрүп, Атамбаев биздин жердин баласы, эмнеге сен ага каршы чыгып атасын деп жаман көрчү, өзүмдүн айылдагы аксакалдар дагы урушканга чейин барган эле. Ал эми азыр Атамбаевдин чыныгы жүзү ачылып, биз айткандар чын болуп чыгып, биздин райондогу эл аны түшүнүп, мен башымды бийик көтөрүп, кенен басып калдым.

-Азыркы тапта эмне менен алексиз?

-Азыркы тапта айтып өткөн айылдарда эл менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бир топ жаштар менен келечек пландарын түзүп жатабыз. Атамбаев өзүнүн арам максаттарына жетпейт, биз ага жол бербейбиз, биздин райондун жаштарына ишенбей эле койсун. Ал эми урдалган акчасына таянып, элди аянтка алып чыгып эле көрсүн, мен аны өзүм жыга чабам.

Маектешкен: Гүлжан Шерипбаева

Булак: NazarNews.kg

Последние новости