www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Активист Мелис Аспековго Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 14-майда Жазык кодексинин «Алдамчылык» деген беренеси менен экинчи кылмыш ишин козгогону белгилүү болду. Бул иштин алкагында бүгүн, 21-майда Биринчи Май райондук сотунда Аспековдун бөгөт чарасы каралууда.
Тергөөнүн маалыматы боюнча ал 2016-жылы бир жарандан батир алып, акчасын бербей койгон.
Мелис Аспековдун жактоочусу Сергей Манукян тергөөчү аны №1 тергөө абагына которуу боюнча өтүнүч келтиргенин айтты.
Мелис Аспековду 8-январда атайын кызмат кармаган. 10-январда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал жана дагы бир активист Улан Жураев «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде камакка алынышкан. УКМК алар бул ишканадан 250 миң доллар талап кылганын, сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренесинин негизинде жүрүп жатканын билдирген. Кийин Жураев үй камагына чыгарылган.
Булак: NazarNews.kg