www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Ички иштер министрлиги 26 жыл мурдагы кылмыштын бети ачылганын жарыялады. Тактап айтканда 5 адамдын өлүмүнө шектүү жаран кармалды.

ИИМдин маалыматына караганда, шектүү — Варзоб районунун 50 жаштагы тургуну.

Ал 1995-жылы «Калашников» үлгүсүндөгү пулеметтон Тажикстандын чыгышында 5 жаранга ок чыгарган.

«1995-жылы 13-майда Нурабад районундагы «Чорсада» постунда турган шектүү пулеметтон ИИМдин ички аскерлеринин 4 кызматкерин жана ИИМдин Нурабад районундагы бөлүмүнүн кызматкерине ок аткан», - деп айтылат маалыматта.

Кармалган жарандын үстүнөн Тажикстандын Жазык кодексинин 104-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости