www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Мелис мырза, азыр эмне менен алек болуудасың?
- Саясат-паясатты унуттум. Мындан ары бир гана табыпчылык менен иш алып баруудамын. Буга чейин табыпчылыктан бир аз четтеп, анда-санда саясатка аралашкан күндөрүм болгон.
- Табыпчылык ишти каерде жүргүзүп жатасың, кантип тапса болот?
- 0770-885-055 телефону аркылуу таап келесиз. Сын-Таш айылы, Ысык-Ата району, Ысык-Ата капчыгайында, айылда, тоо койнунда кабыл алып атам.
- Кимдер кайрылып жатат?
- Көбүнчө жандүйнөсү жабыркагандар кайрылууда. Анын ичинде жаштар көп. Эң кызыгы, азыркы жаш муун таптакыр башка экен. Жандүйнөсүндө сүйүү жок, жүрөктөрү муздак (Кудайга ыраазычылыгы жок дегеним). А мен жылуулук тартуулайм да. Бир чети улуттук идеология жоктугунан баардык жактан деградацияга учурап, ишеним өлгөн.
- Адамдын тагдырын өзгөртсө болобу?
- Ооба, мага кайрылгандар да ушундай суроону көп беришет. Адамдын жандүйнөсүндө өзгөрүү болгондо, анын тагдыры өзгөрөт. А жандүйнөсүн кечире алган гана адам өзүнүн тагдырын жакшы жакка бурат эмеспи. Кечире албаса, пешенесине жазган күндү көрүп кете берет...
Булак: Азия News гезити