www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мирлан Амантуровдун соттук иши токтотулду

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун ушул жылдын 3-июнундагы чечими менен Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмыш менен айыпталып жаткан Бишкектин мурдагы-вице-мэри Мирлан Амантуровго карата козголгон кылмыш иши токтотулган. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, Бишкектин мурдагы-вице-мэри Мирлан Амантуровдун үй камагына чыгарылгандыгы 2-июнда маалым болгон болчу.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Бишкек мэринин турак жай-коммуналдык чарба боюнча мурунку орун басары Мирлан Амантуровду 2020-жылы декабрда кармаган.

Ал ишенүү менен берилген мүлктү менчиктөө жана максатсыз колдонуу фактысы боюнча айыпталган.

Мирлан Амантуров көзөмөлгө алынган аткаруучуларды колдонуп, жолдорду оңдоо жана куруу боюнча мамлекеттик сатып алуулар учурунда «Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасында жана Бишкек шаарынын мэриясында коррупциялык схема түзгөн.

Иликтөөдө 2015-жылдан 2019-жылга чейинки мезгил аралыгында Мирлан Амантуров колдогон компанияларга 100 миллион сомдон ашык суммадагы муниципалдык буйрутмалар берилген. Мэрия тарабынан өз убагында каржылоо болгонуна карабастан, аткаруучу компаниялар тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер толук аягына чыккан эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости