www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Улуттар Биримдиги» партиясынын лидери Мелис Мырзакматов соңку учурда бир топ саясий күчтөр менен баарлашып, консультацияларды өткөрүп, аягында толук кандуу чечим кабыл алганга шашылбаптыр.
Бирок, дээрлик башка уюм, топтордон айырмаланган «Ата Мекен» партиясына ыктап, кошулууга ниет кылып жатканын эшиттик. Соңку убакта Өмүрбек Текебаевге байма-бай жолугуп, чай ичкени да бекеринен эмес...
Эске салсак, 2015-жылы «Улуттар Биримдиги» парламенттик шайлоого «Ата Мекендин желеги аркылуу барышкан. Бу саам кандай болорун убакыт көрсөтөт. О.э. Мелис Мырзакматов бийликчил күчтөргө да кылчактап, «Ишеним» «Ата-Журт Кыргызстанга» көңүлү түшүп турганын билдиришти.
Кыязы, «кара кыздын багынан» дегендей, жакынкы күндөрдө Мелис Мырзакматов командасы менен кайсы партияга кошуларына күбө болосуңар.
Булак: Азия News гезити