www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Исхак Пирматовдун 300 миң төлөгөнү уят эле иш болду», - деди бүгүн, 13-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Төрөбай Колубаев.

- Төрөбай мырза, Бабановдун  Кыргызстанга учак менен эмес, жеңил машине менен келгени айтылды. Эми ал интриганы курчутуп, өз максатын ишке ашырууга ашыкпайбы?

- Бабанов албетте саясий оюндарды курчутат. Ал саясатта ойноп келген, ойноп жүрөт, ойной да берет. Саясатта өч алуу деген бар. Анын оюнун баары президент болуш, өзүнө каршы чыккандардан өч алыш. Ошон үчүн тымызын жүргөн саясий оюндарга катышат. Бу жолу ал шайлоого партиясынын тизмесин аныктоого киришип жатат.

- Исхак Пирматовдун 300 миң төлөгөнүн айрымдар аз деп сындап жатышат го?

- Исхак Пирматовдун 300 миң төлөгөнү уят эле иш болду. Кудай буюруп, жакшы мезгил келип калса акча төлөп бошогондор мыйзам алдында баары бир жооптуу болуп калышат. Анткени, акча төлөгөндөр күнөөсүн мойнуна алганга барабар болуп калат. Алар акча төлөп жоопкерчиликтен бошогондору менен кийин каалаган мезгилде камап койсо болот.

- Кустуруу саясаты купулуңузга толдубу?

- Кустуруу саясаты ачык айтканда, мамлекеттик рекеттердей эле иш алып барып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости