www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы Оштун мэри Мелис Мырзакматовдун Кыргызстандан чыгып кеткени унутулуп, Ош эли уулун унутуп бара жаткандай.

Өткөн жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш оорусу болгон Дариха Ишанова деген кайтпас эжекебиз Ош – бул Мырзакматов!”, деп жазганы бар эле.

Ал тургай Мырзакматовду, “Мырзакматов дегенде мэр деген кызматтын кадыр-баркын көтөргөн кара тору бир саясатчыны сыймыктанып көз алдыӊа келтиресиӊ. Ал, шаар бийлигин жетектесе дагы республикалык деӊгээлге таанылып, Оштун гана эмес, бүтүндөй мамлекеттин элинин алкышын алган адам. 2010-жылдагы кандуу тополоӊдон кийин күйүп, урап, кулап, талкаланып калган шаарды оӊдоп, гүлдөтүп койду. Шаарга кожоюндук кылды, шаардын ээси бар экенин көрсөттү. Аны ичи тарлар “Ош меники” деп айтты деп чалкасынан кетишти.

Ооба, Ош Мырзакматовдуку болчу. Оштун кожоюну, башчысы бар экени билинчү. Себеби иши менен элине жакккан жалгыз чиновник Мырзакматов болду. Мына ошол кара тору саясатчы Атамбаевдин арам бийлигинин курмандыгы болуп куугунтукта жүрөт. Анын чоӊ максаттары бар эле. Бийликтин өгөй баласындай четтетилип, Ош шаарына мамлекеттик бюджеттен бөлүнбөй, аны кекетип мокотушту. Ага баш бербей өзү күжүрмөн иштеп, шаарына кам көрдү. Анын кандай иштегенин, ишинин жыйынтыгы чыкканын элдер биз көрдүк. Кечээ ошол опол тоодой кадыры бар Мелисбек Мырзакматовду бир сары чийкил көк көз чычкак сындаптыр. Айланайын көк көз чычкак, сен өзү кимсиӊ? Максим Бакиевдин багалегине аралашып жүрүп, эми адам катарына кошулуп келе жатканда оозуӊдан жаӊылып, ит эле болгон турбайсыӊбы? Мырзакматовду сындачу сенсиӊби? Сындагыдай сен өзү кимсиӊ Сапарчик, же Сапартай дейинби? Айланайын Сапаруля, Мырзакматовду сындаганга сенин акылыӊ, тажрыйбаӊ жете элек. Жетпейт дагы болуш керек. Анын кылган ишинин айрымдарынын сүрөтүн чыгарайын, а сен эмне иш кылып кыйраттыӊ? Тантык турбайсыӊбы сен деле кожоюнуӊа окшошуп! Мырзакматоду сындаганыӊды көрүп алып, мен эмес халатымдын чөнтөгү күлүп атат”, - деп жазганын эстегенге туура келди.

Деги койчу, ошентип Мелис Мырзакматовду күткөн күйөрмандары дагы жок эмес. Канткен күндө дагы Мелис мырзанын NazarNews.kg маалымат агенттигинин кат куржунуна “свежий” сүрөтү келип түштү. Чет өлкө жагып жашара түшкөн Мелис мырзага жакшылык менен ийгилик каалайбыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости