www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектик жарандын ыйы Бул ирет жол кырсыгына кабылып, бир адамдын өлүмүнө себепкер болгон бишкектик тургундун анонимдик катын жарыялайбыз.

…Кыш болчу, досумдун туулган күнүнөн үйгө кайтып келаткам. Ал кечте ичмек тургай кальян да чеккен эмесмин. Ошол түндөгү окуялар азыркыга дейре көз алдымдан чуурат, качан болбосун акылымды тынч койбойт.Бош кан жол, катуу айдап бара жаткам. Тааныш кыз бир нерсени сурап жазып калды, ага бир ирмемге эле алаксып кеттим…

Дал ошол маалда жолго бир киши чуркап чыкты. Ал машинеге урунганын уктум, рулду башкара албай бир имаратты барып сүздүм. Эсиме келгенимде унаадан чыгып, жанагы кишинин бош жолдо кыймылсыз жатканын көрдүм. Тегеректе эч ким жок. Айламды таба албай калдым…

Алгач атама телефон чалдым. Ага эмне деп айтканым жадымда жок, бирок апам, иним милиция менен Тез жардамдан эрте жетип келишти…

Доктурлар ал кишинин көз жумганын айтышты. Ошол учурда коркконумду айтпагыла! Коркууга алдыргандыктан, башым маң эле. Киши өлтүрүп алдым… Анын чөнтөгүндө эски телефон бар экен, жарака кетиптир, бирок иштейт экен. Жакындары ага чалып, кайда экенин сурап жатышты. Тез жардамдын дарыгери анын жол кырсыкка кабылганын кабарлады. Жарым сааттан кийин анын аялы, уулу келди. Алардын кыйкырыгын уктум, көз жашын көрдүм. Доктурлар мас абалында болгонун айтышты, бирок бул нерсе киши өлтүргөнүмдү жокко чыгара албайт да.

Балдарын атасыз, а жубайын жесир калтырдым. Андан кийин түнү бою милиция, наркологияда жүрдүк… Ата-энем ал үй-бүлөнү арыз жазбоого көндүрдү. Атам үйдү сатып, аларга ири акча сунуштады. Макул болушту. Топурак салганга бардым. Ошол бир нече күн өмүрүмдөгү эң коркунучтуу күндөр эле…

Ошентип ойлогом, көрсө… Баары кийин башталды. Машине айдагандан заарканып, ылдамдыктан чочулап, атүгүл, жолдон да корко турган болдум… Уйкум бузулуп, маркум түшүмө кире берди…Окуумду таштап салдым. Ата-энем мени актап, болушунча жооткотууга аракет кылып жатышты. Мен өзүмдү кечире албай койдум. Апам психологго алпарып, мени туңгуюктан алып чыгууга тырышты. Бирок аябай терең кайгыга түшүптүрмүн. Алдыга жылышым керектигин түшүнүп турам, бирок ага күчүм жетпейт. Мындан уялам, бирок бир нерседен эле корко берем. Эмне кыларымды билбей калдым.

Макала интернеттен алынды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости