www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокуратура Бишкектеги Тарых музейин реконструкциялоо боюнча кылмыш ишин козгоду. Башкы прокуратуранын 13-июлдагы маалыматы боюнча, өкмөт алдындагы архитектура, курулуш жана турмуш-тиричилик мамлекеттик агенттиги Мамлекеттик тархы музейин реконтрукциялоо үчүн “С” аттуу (Сапар эмеспи?) жоопкерчилиги чектелген коом менен келишим түзүп, ага 1 млрд. 520 млн. сомду которуп берген. “С” бул акчага музейди оңдоп түзөө иштерин жүргүзүп, жабдуулар сатып алган.
Алганда да бир стулун 110 миң сомдон ашыкка сатып алган экен. Бул аша чапкан коррупциянын бир гана үзүмү. Анткени “С” 59 жыгач түркүктү 28 миллион сомдон ашыкка, кофе кайнатуучу мешти 195 миң сомго, 60 стулду 6млн. 603 миң сомго, кафетерийди 24 млн. сомго,эки пластик атты 3.5 млн. сомго, телевизор кронштейинин 114 миң сомго, бир жыгач стулду 76 миң сомго, 40 темир стулдун ар бирин 37 миң сомдон 64 миң сомго сатып алганы документалдык түрдө ырасталды.
Атамбаевдин оң колу Сапар Исаков Тарых музейин реконструкциялоонун куратору болгон. Ал өзү да реконструкциялоого кураторлук кылганына абдан сыймыктанарын билдирген…Мамлекеттин акчасын миллиарддап калчап, каалагандай чачканы үчүн сыймыктанган экен Сапар.
Мындай уурулук, алкымы бузуктук тарыхта болбосо керек… Бирок да АША менен Сапаштын иштерин каза берсе, мындан артыктары чыгарында шек жок. Анткени бул экөө Кытайдын 2 млрд. доллар насыясын, андан башка миллиондогон гранттарын каалагандай калчап, доңуз дөбөгө чыгат болушкан.
Баарын ашкерелеп ачууга болгону эрк керек…
28 млн. сомго келген жыгачтар…
195 миң сомдук кофе кайнатуучу
110 миң сомдук отургучтар
24 млн. сомдук кафетерий
Булак: elnews.media