www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен бирөөгө жубай болгом укпадыңбы...

Укпадыңбы?!

Аллоо... Мырзайым, сенсиңби? өзүңсүңбү?

Бүгүн сага бир жигит төгүлсүнбү...

Мен өзгөрдүм, баары үчүн кечирип кой,

Дарегиңде кайра Б..... көрүнсүнбү?..

 

-Деди дагы сөздөрүн улай берди,

Угуп жаттым, кечирим сурай берди.

Нелерди тиленчү элек деген сайын,

Негедир жашым уюп кулай берди.

 

Өкүндүм өзүңсүз айларыма,

Өзүмдү тапшырайын кайра мына.

Эреркип кыялданып олтурамын,

Эмне белек кылсам деп майрамыңа.

 

Кечирим бер экинчи ката кылбайм,

Кейитпейм, ашыкча маза кылбайм.

Жибип койчу суранам акын кызым,

Жигиттик сөзүм эми капа кылбайм.

 

Аллоо... Мырзайым, сүйлөйсүңбү?..

Же бүттүбү, баардыгы... сүйбөйсүңбү?

Сезимдери жаралуу бир жигитмин,

Сенсиз жашаш кандай оор билбейсиңби?

 

Эх... Үмүт үзбөй жашаган күдөрүңдөн,

Үйрөндүңбү көп сабак күмөнүңдөн.

Кайра мени тызылдап издеттирген...

Кайран сенин кабарсыз жүрөгүңдөн!..

 

Буга чейин, кайда элең?.. Уктадыңбы?

Таарынтып эч мөөрөй утпадыңбы?

"Мээримиң сагындым"-деп чалыптырсың,

Мен бирөөгө жубай болгом укпадыңбы?!

Мырзайым Айтимбетова

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости