www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жээнбеков ЖМК өкүлдөрү менен жолугат

Журналисттер менен жолугушуу Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришкенден берки убакта алгачкы жолу уюштурулуп жатат. Азырынча анда кандай сөз болору тууралуу айтылган жок. Айрым маалыматтар боюнча жолугушуу бейформал түрдө өтөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын мамлекет башчысы кызматына киришкенине 3-мартта 100 күн болду. Бул аралыкта президент Жээнбековдун башкы билдирүүсү сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюу тууралуу болду. Бирок ошол эле учурда айрыкча кадр саясаты, чечкиндүү кадамдарга бара электигине байланыштуу сынга кабылды.

Сооронбай Жээнбековдун бийлиги Конституциядагы президенттин айрым ыйгарым укуктарын азайткан беренелер күчүнө кирген маалга туш келди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости