www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мен» дегендин ордуна «Биз» деп айтууну үйрөнөлү

Кандайча туура сүйлөшүбүз керек?

1. Сүйлөп жатканда «бирок» деген сөздү колдонбоого аракет кылыш керек.

 2. «Жана дагы» деген сөздүн ордуна «жана» деген сөздү колдонуш керек.

3. «Каршы» деген сөздү «үчүн» деген сөз менен алмаштырыш керек.

 4. «Жок» деген сөздү айтуудан качыш керек.

 5. «Чынын айтсам» деген сөздү лексикондон таптакыр чийип салыш керек. Анткени, бул сөздү кайталай берсе, калп айтып жаткандай сезилет.

6. «Жок» деген сөздүн ордуна «андай эмес» деген сөздү колдонсо жакшы болот.

7. «Дагы» деген сөздүн ордуна башка сөздү пайдаланыш керек.

 8. «Бир гана», «жөн эле» деген сөздөрдү таптакыр унутуп, башка сөздөр менен алмаштырыш керек.

9. «Туура эмес» деген сөздү алып салыш керек.

10. «Кайсы бир жерде» деген сөздү каймана мааниде айтып,

11. Ачык суроо бергенге көнүш керек. «Ооба» жана «жок» деген жоопторго аз кайрылыш керек.

12. «Эгерде мен...» деген сөздүн ордуна «ушул учурдан баштап...» деген сөзгө басым жасаш керек.

13. «Болмок» жана «керек» деген сөздөрдүн ордуна дайыма аткарыла турган сөздөрдү көбүрөөк колдонуу керек.

14. «Мага мүмкүн» деген сөздүн ордуна «мен жасамакмын» деген сөздөрдү колдонуу жакшылыкка ажеп.

15. «Общим», «совсем» деген башка жактан кошулган сөздөрдү колдонбош керек.

16. «Сиз кылышыңыз керек» деген сөз айкашынын ордуна, «Мен сизге сунуш кылам» дегнен сөздү колдонуу жакшы натыйжа берет.

17. «Мен сизге кеңеш берем» деген сөздүн ордуна «Мен сизден суранам», «Мен сизге ыраазычылыгымды билдирем» деген сөз айкаштарын айтуу туура болот.

18. Кескин каршы болгон сөздөрдү таптакыр колдонбош керек. Жакшырагы позитивдүү болууга аракет кылыш керек.

19. Карама-каршы айтылган этиштин типтүү формаларын айтуудан сактаныш керек. Бардык нерсени так айтууга үйрөнүш керек.

20. Карама-каршы айтылган «мотивизацияланган» сөздөрдү колдонгонго аракет кылыш керек. «Мотивизацияланган» сөздөрдү колдонгон сылыктыктын белгиси. 

21. Спецификалык эмес этиштер «кылып жатат», «иштеп жатат» дегендерди айтуудан көрө так кесе сөздөрдү колдонгон натыйжалуу.

22. «Качан», «кандай» деген суроолорду берип жатып өнөктөшүңүз «ооба» жана «жок» деп айта тургандай багытташ керек.

23. «Мен» деген сөздүн ордуна «Биз» деген сөздү колдонууга аркет кылыш керек.

24. «Эч качан» сыяктуу сөздөрдү өз сөздүгүңүздөн таптакыр чийип салып колдонбоңуз.

25. Аңгемелешип жаткан адамга ар кандай суроолорду берип, реакция жаратып туруңуз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости