www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-сентябрда, 19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев 14-октябрга чейин абакта калтырылды. Мындай өкүмдү Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы чыгарды.

Сот залында Ырыс Жекшеналиев судьяларпга кайрылды:

"Менин ишимде кылмыштын курамы жок. Мени окууга коё бергиле. Мен видеонун эски экенин билген эмесмин, анткени алар мага жөнөткөн видеонун шилтемеси жаңы, бир нече саат мурун жарыяланган. Эч кандай монтаж болгон эмес видео. Окушум керек. Апам жалгыз жашайт, кыш келе жатат, баарын өзү көтөрө албайт. Мен тынч окуйм, эч кимге тоскоолдук кылбайм", — деди ал.

Эске салсак, "Полит Узник" Facebook баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("калайман башаламандык") 3-бөлүмүнө ("бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") ылайык кылмыш ишин козгогон.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров анын алдында аталган кенге байланыштуу кайрылуу жасап, Жетим-Тоону иштетүүгө азыр өлкөнүн даярдыгы жоктугун айткан жана укук коргоо органдарына жалган маалымат тараткандарга чара көрүүнү тапшырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости