www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров 1400дөн ашык шаар ичиндеги объектилерди буздурганын, тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирген. Аракеттери канчалык деңгээлде мыйзамдуу экени кийин тастыкталса керек. Чекесинен талкалаганы уланууда, а кайра заманбап имараттар, көрктөндүрүүчү жайлар архитектуралык талаптардын негизинде, жогорку деңгээлдеги дизайн менен жасалабы?
Бул жагы күмөн жаратууда. Башкасын айтпасак да, Бишкек шаарына көрк бердире турган саясый, маданий-эстетикалык гезит саткан күркөлөрдү жетиштүү койдура албай, убаданын убарасында гана келатат. Дагы канча убакыт керек?
Эң жөнөкөй, арзан баада коюла турган күркөлөрдү орнотуп бербесе, анда орточоң имараттарды кантип тургузат? Мэриянын карамагына алынган, орду бошогон жерлерге кимдер ээлик кылат? Кандай жолдор менен берилет? Кол ийрисине тартып, коррупциялык элементтер ойноп кетпейби? Убакыт көрсөтөт, аз калды.
Булак: Азия News гезити