www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

6-июлдун кечинде Улуттук коопсуздук кызматы Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Ренат Макеновду шаардагы жер участокторун мыйзамсыз бөлүп берүү фактысы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагындагы сурактан кийин абакка алган. Бул тууралу 24.kg маалымат агенттиги өзүнүн УКМКадагы жеке булактарына таянып билдирди.

Эсиңиздерге сала кетсек, Генпрокуратура 5-июнда Бишкек мэриясынын Жер ресурстарын башкаруу башкармалыгы (мурун Муниципиалдык менчик башкармалыгы деп аталган) тарабынан жер участокторун мыйзамсыз бөлүп берүү фактысын таап, кылмыш ишин ачып, иликтөөнү УКМКнын тергөө башкармалыгына тапшырган. Иштин материалдары боюнча Бишкек мэриясынын Муниципиалдык менчик башкармалыгы 2014-жылы октябрда 12-кичирайондогу 3,38 гектар жерди жеке адамдарга 1 жылга ижарага берген.

Ал жер участогу коомдук пайдалануудагы жер экениине карабай Муниципиалдык менчик башкармалыгы 2015-жылы декабрда Бишкек башкы архитектура башкармалыгына ал жердин функционалдык максатын өзгөртүүгө материалдарды жөнөткөн.

Бишкек башкы архитектуранын кызмат адамдары мыйзамды бузуу менен ал жерди “соода-көңүл ачуу борборун” курууга ылайыктап шаардык курулуш чечимин чыгарып, ижара мөөнөтүн узартууга сунуш берет.

2016-жылы февралда Жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия ал жердин ижара мөөнөтүн узартып берет. Ага ылайык Бишкек мэриясынын Муниципиалдык менчик башкармалыгы ал жерди 5 жылга ижарага берүү боюнча жеке адамдар менен келишим түзөт.

2017-жылы ал жерди өздөштүрбөй туруп эле 4кө бөлүп, “Б.С” аттуу жабык акционердик коомго сатып жиберишет.

Генпрокуратура кылмыш ишин КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча козгогон.

Ренат Макенов ал кезде Бишкек мэриясынын Муниципиалдык менчик башкармалыгын жетектеген. Ал эми 2017-жылдын 8-августунан тартып биринчи вице-мэр болуп дайындалган. Мэр Албек Ибраимовдун өтө жакын өнөктөшү экени айтылат.

Последние новости