www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапонияда  экстремисттик деп табылган “Аум Синрикё" сектасынын негиздөөчүсү Сёко Асахара жана анын бир нече шакирти өлүм жазасына тартылды. Алар дарга асылды. Бул тууралуу 6-июлда NHK телеканалы билдирип, кийинчерээк маалыматты өлкөнүн Юстиция министрлиги тастыктады.

1995-жылы мартта Сёко Асахара (Тидзуо Мацумото) жана анын 12 тарапташы Токио метросунда зарин газы менен кишилерди ууландырган. 13 киши мерт кетип, 6 миң киши жабыр тарткан. 2004-жылы кылмышкерлерди өлүм жазасына тартуу боюнча өкүм чыккан. Ошондон бери алар жазанын аткарылышын күтүп жатышкан. Адвокаттар өкүмдү даттанып, Жогорку сотко чейин кайрылышкан, бирок алардын доосу канааттандырылган эмес. Акыркы жылдары Мацумото үй-бүлө мүчөлөрү жана адвокаттары менен жолугушуудан баш тарткан.

Жапонияда "Аум Синрикё" диний сектасы 1980-жылдары негизделген. Ар кыл маалыматтар боюнча анын мүчөлөрү 30 миңден 50 миң кишиге чейин жетет.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости