www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Манас Абдылдабек уулу шаардык кеңештин сессиясында келерки жылы таштанды чыгарууга болгон тарифти көтөрүүнү сунуштады.

«Президент май айынан тарта электр энергиясына тариф көтөрүлөрүн айтса, Акылбек Жапаров сууга болгон тарифти көтөрүү тууралуу айтты. Жакында эле мэрия коомдук транспортто жол кире кымбаттай турганын билдирди. Азыр таштандынын көлөмүн 86%дан 256%га чейин жогорулатууну карап жатабыз. Бир жылда, бир убакта 256%га жеткирсек, элге кыйын болот. Аны этап-этабы менен көтөрүшүбүз керек», - деди ал.

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров учурда таштандылар актуалдуу көйгөй экенине жооп берди.

«Элди ойлогонуңуз, бул жакшы. Бирок өзүңөр эсептегиле, 18,5 сомго кантип таштанды чыгарса болот? Азыр бир куту тамеки да 100 сомдон. Муну саясатташтырбаңыз. Шаардын баары таштандыга айланганда саясат болот. Сиз ошондой саясатты кааласаңыз керек. Сиздердин жардамыңар менен жазга чейин жаңы техника келет. Биз шаарды тазалашыбыз керек. Бирдикти 400 сомго салса болот, бирок таштанды үчүн айына 18,50 сомдон төлөй албайбызбы? Мунун баарын салыштыруу керек», - деди мэр.

Ал таштандыга болгон тариф этап менен көтөрүлөрүн айтты.

«Биз жоопкерчиликти алышыбыз керек. Мурдагы жетекчилер элдин кыжырына тийбейли деп бааны көтөрүшпөгөндүктөн ушул абалга келдик. Эң төмөн тариф Бишкекте, шаар өнүгүш керек. Жабдуулар жок, чыгашалар жабылбаса кантип кызмат көрсөтө алабыз? Таштанды чыгаруу үчүн тарифтерди көтөрүүнү колдооңуздарды суранам. Бул аргасыз чара», - деди мэр Бишкек шаардык кеңештин депутаттарына кайрылып.

Белгилей кетсек, Бишкектиктер февраль айынан тартып таштанды чыгаруу үчүн төлөмдү жаңы тариф менен төлөй башташат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости