www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кармалган орун басары Азамат Сагындык уулуна мүнөздөмө берди.
Эске салсак, вице-мэрди УКМК кафе кожоюнунан пара алды деген шек менен колго түшүргөн.
"Азамат Сагындык уулуна жумуш боюнча эч кандай доомат жок, бул системада 7-8 жылдан бери иштеп келет. Өзүм маалыматты прессадан уктум", — деди мэрдин милдетин аткаруучу.
Кудайбергенов укук коргоо органдарынын атынан сүйлөй албай турганын, бирок жеке баасын бере аларын белгилеген. Анын айтымында, кеп Түгөлбай-Ата көчөсүндө жайгашкан кафе тууралуу болуп жатканын, буга чейин өзү (Кудайбергенов - ред.) аны түрттүрүүгө тапшырма берген. Шаар башчысы орун басарынын маселеси оң жагына чечилерине ишенерин кошумчалаган.
"Ал вице-мэр… Иш билги кызматкер жана жумуш боюнча эч кандай дооматым жок", — деген ал.
Ошондой эле ага "Азамат Сагындык уулу иштен алынабы?" деген суроо берилгенде чаралар көрүлөрүн айткан. Мындан сырткары, калаа башчысынан азыркы жана мурдагы мэрлер менен вице-мэрлердин улам кармалышы эмне менен байланыштуу экенин сурашканда, аны коррупция менен күрөшкө байланыштырды.
23-июль күнү УКМК мэриянын алдындагы кызматтардын биринин өкүлүн кафе кожоюнунан аталган жайды түрттүртүп салбаш үчүн 9 миң доллар пара алды деп кармаган.
Атайын кызматтын билдиришинче, М. А. аттуу кызматкер Түгөлбай-Ата (Линейная) көчөсүн реконструкциялоо долбоорун өзгөртүү үчүн кафенин ээсинен 9000 доллар пара алган. Ал үчүн Кытайдан алынган грантка оңдолуп жаткан жолдун чекесиндеги кафени ордунда калтырууну макулдашкан. Бул боюнча далилдүү фактылар алынгандан кийин 23-июлда мэриянын кызматкери кармалган. Ал кафе ээсине 6 миң долларды кайтарып берип жатканда колго түшкөн.
24-июль күнү вице-мэр кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Булак: NazarNews.kg