www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “Ош ТВ” муниципалдык мекемесинин ишмердүүлүгү менен таанышып, телеканалга жаңы кызматтык унаа белек кылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.
Белекке берилген унаа телеканалдын ишмердүүлүгүн жакшыртып, журналисттердин шаардагы коомдук, социалдык жана маданий иш-чараларды ыкчам чагылдыруусуна шарт түзөт.
Калаа башчысы шаар тургундарына шаардык, мамлекеттик жана президенттин жүргүзүп жаткан саясатын чагылдырууда “Ош ТВ” телеканалынын орду абдан чоң экенин белгиледи. Ошондой эле калкты так маалымат менен камсыз кылууда телеканал маанилүү роль ойной турганын айтты.
Шаар мэри мындан ары маалыматтык иштерди дагы да күчөтүү зарылдыгын баса белгилеп, телеканал кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлөрүн да билдирди.