www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматы аймактык салык органдарынын кызматкерлери үчүн «Салык Күзөт» жаңы аналитикалык системасын колдонуу боюнча бир катар окуу семинарларын өткөрдү.

Катышуучулар маалыматтарга мониторинг жүргүзүү жана аларды терең талдоо боюнча практикалык аспекттер менен таанышып, салык тобокелдиктерин натыйжалуу аныктоо үчүн системанын куралдары менен иштөө көндүмдөрүн алышты.

Айрыкча оперативдүү салыктык көзөмөл жүргүзүү механизмдерине, санариптик куралдар аркылуу салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүү алгоритмдерине, салык текшерүүлөрүн жүргүзүүдө системаны колдонуу өзгөчөлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Өткөрүлгөн семинарлар кызматкерлердин кесиптик жөндөмдөрүн жогорулатууга жана салыктык башкарууда заманбап аналитикалык куралдарды натыйжалуу колдонууга багытталган.

Белгилей кетсек, «Салык Күзөт» аналитикалык системасы салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуунун маанилүү куралы болуп саналат.

Ал Салык кызматынын ички процесстерин оптималдаштырууга гана эмес, бизнес менен өз ара аракеттенүүнүн ачыктыгын камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Салык кызматы мындан ары да кызматкерлердин квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу жана көрсөтүлүүчү салык кызматтарынын сапатын жакшыртуу үчүн заманбап чечимдерди киргизүү аркылуу ведомствонун кадрдык потенциалын өнүктүрүүнү улантат.

Последние новости