www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Дордой” базарынын жанындагы конушта жашаган муктаж үй-бүлөлөргө мамлекеттен ун таратуу тууралуу видеодогу кызматкерлер аныкталып, аларга сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу 7-апрелде Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев “Фейсбуктагы” өзүнүн баракчасына билдирди.

Ал Муниципалдык аймактык башкармалыктын (МАБ) кызматкерлери барган конуштун тургундары менен өзү жолугуп, кечирим сураганын, ун таратылганын айтты:

“МАБдын ушундай мамиле кылган кызматкерлерине жана жетекчисине сөгүш жарыяладык. Акимге эскертүү бердик. Мыйзам чегинде жазасын алышат. Мындайды болтурбоого болгон күч-аракетибизди жумшайбыз”, - дейт Балбак Түлөбаев.

Эске сала кетсек, 6-апрелде Интернетте бир короодо батирде жашаган бир нече жакыр үй-бүлөгө жардам таратуу учуру чөнтөк телефонго тартылган видео тараган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости