www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын бийлиги АКШдан экономиканы турукташтыруу үчүн насыя кепилдигин сурады. Украинанын өкмөтүнүн сайтына ылайык, бул маселе өлкөнүн президенти Владимир Зеленский менен АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун телефон аркылуу сүйлөшүүдө талкууланды.

Сөз АКШнын Украинага Эл аралык Валюта Фонду, Дүйнөлүк Банк жана башка Эл аралык уюмдар тарабынан каржылык колдоосунан тышкары кошумча жардамы жөнүндө болуп жатат.

Сүйлөшүүлөрдө Зеленский Украинага коронавирус менен күрөшүүгө 1,2 миллион доллар бөлүнүп берилгендиги үчүн Помпеого ыраазычылык билдирди. Ошол эле учурда саясатчы америкалык кесиптешине мекендештеринин коронавирустан каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты жана АКШны “пандемияга каршы күрөштүн очогу” деп атады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости