www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек мэриясынын шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы КР Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому менен биргеликте атайын иш-чараларды өткөрүүдө, анда каалаган жаран донор боло алат.
Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара 26-сентябрда саат 9:00дөн 14:00гө чейин "АДИНАЙ" сейил багында өтөт.
"Шаардыктарга кан басымынын пайда болуш факторлору жөнүндө айтылып, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу боюнча кеңештер берилет. Бул, айрыкча, коронавирус терапиясынан кийин абдан маанилүү", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын кызматкерлери дагы четте калбай, кан донору болушту.
Булак: NazarNews.kg