www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын Караман шаарында достору менен сейилдеп жүргөн кезде капысынан Мүжахид Б өзүн жаман сезип, ошол жерде жан берген. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазды.
Жергиликтүү маалыматтар боюнча, окуя кечки саат 21: 50 чамасында Караман шаарындагы Жаңы Конушта 383- көчөсүндөгү кароосуз ташталган үйдүн короосунда болгон. Мүжахид Б достору менен жүргөн учурда кокусунан өзүн жаман сезе баштаган. Жанындагы дос балдары аны эс алсын деп ошол жердеги үйдүн короосуна алып кирип, бети-башын жууп, суу берген. Балдардын бири тез жардам чакырууга жетишкен.
Даарыгерлердин биринчи медициналык жардам көрсөткөнүнө карабай, жаш жигит ошол жерде каза болгон.
Белгилүү болгондой, Мүжахит Бнын жансыз денесин аутопсия жасоо үчүн жана өлүмдүн себептерин аныктоо үчүн Караман Илим Изилдөө ооруканасына өткөрүлүп берилген.
Маркумдун достору С. А жана Б. Ө окуяга шектелип убактылуу кармоочу жайга жеткирилген.
Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg