www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында 30-августта бардык каалоочулар үчүн веложүрүш уюштурулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, иш-чара COVID-19 менен күрөшүүнү улантып, ден соолукту бекемдөө үчүн уюштурулуп жатканы айтылат.
"Веложүрүш "Адинай" жаңы сейил багынан түндүк тарабынан башталат. Андан ары Чынгыз Айтматов кең көчөсү менен жогору чыгып, "Орто-Сай" айылына чейин барат. Ал жактан Байтик-Баатыр жана Токомбаев көчөлөрү менен түшүп, иш-чара башталган жерден жыйынтыкталат. Айланма маршруттун узундугу 10 чакырым аралыкты түзөт. Шаар тургундарынын коопсуздугу үчүн велоколоннанын ичинде аралык 1 жарым, 2 метрге сакталып, велосипедчендерди Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу шаар башкармалыгынын үч унаасы жана "Тез жардам" кызматынын бир унаасы коштоп барат.
Жолдун бир бөлүгү автотранспорт кыймылы үчүн чектетилип, велоколонна өтөрү менен ачылат.
Катышуучуларга эскертүү! велосипедчендер шлем жана башка коргонуу каражаттарын кийип келүүсү керек. Аларсыз веложүрүшкө катышууга тыюу салынат. Ошондой эле бет кап жана антисептиктерди унутпоо зарыл", - деп жазылат маалыматта.
Веложүрүш 30-август эрте мененки саат 09:00гө белгиленген. Чогула турган жер М. Гшлиессер көчөсү, "Адинай" сейил багынын түндүк тарабындагы унаа токтоочу жайы.
Булак: NazarNews.kg