www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова «Кыргызстан» партиясына карата Бишкектин административдик соту чыгарган чечимге макул эмес. Ал жакын арада БШК кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрыларын маалымдады.
«Мурда кабыл алган чечимибизди колдоп, мыйзамдуу болгон деп эсептейбиз. Демек, административдик соттун чечимине каршы кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрылабыз», - деди төрайым.
Эске сала кетсек, шарттарды бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган. Буга документтерди кечигип тапшыруу жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн келбегенине байланыштуу себептер негиз болгон. «Кыргызстан» партиясы БШКнын чечимине каршы сотко кайрылган.
Булак: NazarNews.kg