www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаада санитардык талаптарды бузган бир катар эс алуу жайлары жабылды. Алар эпидемиологиялык абал турукташканча ачылбайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мэрия азырынча конок тосуп, той, маараке, куран окутууларды өткөрбөй коё турууга чакырды.

"Санитардык талаптарды көп учурда коомдук тамактануучу жайлар, кафе жана ресторандар бузууда. Ошондой эле алардын катарында компьютер залдары, түнкү клубдар дагы бар. Булардын ишмердүүлүгүнө уруксат берилген эмес", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, акыркы аптада мэриянын Санитардык-эпидемиологиялык инспекциясы 189 субъектини текшерип, 28 мыйзам бузган учурду аныктаган. Андан түшкөн айып пулдун жалпы суммасы 124 миң сомду түзгөн. 4-сентябрга карата инспекция 397 протокол түзүп, айып пулдун наркы 1 миллион 711 миңге жеткен. Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан 1 520 протокол түзүлүп, 2 миллион 707 500 сом айып пул түшкөнү кабарланды.

Жабылган жайлардын тизмеси:

"Оюн", "Иллюзион", Evolution, "Олимп" компьютер клубдары;

"Оомат", "Паво", "Бильярдос" бильярд клубдары;

"Кайнар", Coyote Ugly, Metro Pub, "Сары-Челек", "Салтанат" ресторан жана түнкү клубдары.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости