www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коопсуздук кызматкерлери пробация бөлүмүнүн башкы кызматкерин пара алып жатканда кармап кетишти. Бул тууралуу УКМКнын пресс-борборунан билдиришти.
«С.А.С.» аттуу жарандын арызы боюнча 27-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Тергөө башкармалыгы КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча сотко чейинки иликтөөнү АМС КЖЖБР каттады.
Ош шаарындагы пробация бөлүмүнүн башкы адиси "А.А.М." жараны "С.А.С" соттон эрте шарттуу түрдө чыгарып берүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн 38 миң сом талап кылган.
2020-жылы 1-сентябрда Ош шаарында 38 миң сом алып жаткан жеринен “А.А.М” пара менен кармалды. Ал №53 СИЗОго камакка алынды.
Булак: NazarNews.kg