www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэрия: Жол кире сентябрга чейин эле көтөрүлүшү мүмкүн

Бишкекте коомдук транспортко болгон тарифтер сентябрга чейин эле көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов билдирди. 

«Биз маршрутка айдоочуларын сентябрга чейин күткүлө деп жатабыз. 11-июлдагы шайлоодон кийин жаңы шаардык кеңеш келгенде, балким, маселе эрте чечилип калар. Айдоочулар так убакытты айткыла деп жарга такап жатат. Азыр кырдаал оор, биз алардан көз каранды болуп турабыз», — деди Кудайбергенов.

Калаа башчысынын милдетин аткаруучу тарифти Бишкек шаардык кеңеш чечерин, алар азыр үгүт иштери менен жүргөндүктөн чогулта албай жатканын айткан.

Өз кезегинде депутаттар маанилүү маселени чече албаган Кудайбергенов менен шаардык кеңешти сындаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости