www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясы Кара-Дарыя көчөсүнүн атын Тажикстандын Кыргызстанга басып кириши учурунда каза болгон аскер кызматкери Эламан Ураимовдун ысымына алмаштыруудан баш тартты. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram каналында билдирди.

Дастан Бекешев вице-мэр Виктория Мозгачева кол койгон муниципалитеттин расмий жообун жарыялады. Анда көчөлөрдүн атын өзгөртүүгө мораторий киргизилгени жана көрүнүктүү инсандын элесин түбөлүккө калтыруу алар өлгөндөн беш жыл өткөндөн кийин ишке ашырылаары айтылат.

«Мэрия көчөлөрдүн атын өзгөртүүгө мораторий киргизилгендигине таянып, Тажикстандын Кыргызстандагы элчилиги жайгашкан Кара-Дарыя көчөсүнүн атын өзгөртүүгө макул эмес,», - деп жыйынтыктады Дастан Бекешев.

Буга чейин Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары Баткен облусунда каза болгон аскер кызматкерлеринин ысымдарын түбөлүккө калтыруу демилгесин көтөрүшкөн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости