www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Месси “Барселонадан” кеттиби?

“Барселонанын” Аргентиналык жылдызы Лионель Месси, футболдук клубдан кетүүнү каалаганын билдирди. Испаниянын алдыңкы газеталарынын бири Marca’да берилген кабарларга ылайык, клубдан айрылууну каалаган футболист келишимдин тек тараптуу чечилишине аракет жасоодо. 

Барселонанын жаңы техникалык директору Роналд Коман менен келишим түзгөн Месси, жолугушуудан соң командадан кетүүнү чечкен. Бирок, Барселона жетекчилиги бул чечимге каршы. 20 жылдан бери Барселонанын формасын кийип, 17 жылдан бери А тобунда ойногон жылдыз футболчу, Испаниялык команданын тарыхындагы эң мыкты футболист катары белгилүү. Мессинин командадан чыгуу наркынын суммасы 700 млн еврону гана түзөт.  

Бул тууралуу көпчүлүк маалымат булактарында ар кандай ойлор айтылууда. Бул суммадан көрө бир жылдан кийин бүтө турган контракттын негизинде бекер кеткени артыгыраак деген билдирүүлөр бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости