www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Бүгүнкү Ала-Тоонун пиарына айланып, партия тандап туш –тарапка тентип жүргөн Темир Сариев өз жакындарына да жаман өрнөк көрсөтүп жаткандай. Анын биздин мамлекеттин атын «Кыргызстанды» алып жүргөн өкүл баласынын да иши чатакка айланып бүгүнкү Ала-Тоонун пиарына айланып учуп турган учуру. Бул жерде эмне жаңылыштык кетти, эмне үчүн документтерин мурунураак өткөрүүгө ашыгышпай саамактап туруп алды деген кеп бар. Эмне иш болду, мыйзамдуубу же мыйзамсызбы сот аныктаар, ошентсе да күчтүү электораты бар «Кыргызстандын» парламенттик шайлоодон четтеп калышы туура эместей. Анткени, парламенттик шайлоого аз калды, ошол шайлоодо кайсы партия жеңишке жетишерин электорат аныктамак. Темир Сариевдин партиядан партия тандап парламенттик шайлоого катышпай калганын эл билет, эми Темир Сариевдин өкүл баласы Шаки жетектеген «Кыргызстан» партиясынын башына да мүшкүл иш түшүп турат. Жакшылыкка жооруп туралы, бизде сот адилеттешип баратпайбы.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости