www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинадагы окуяларга байланыштуу Meta өзүнүн Facebook жана Instagram социалдык тармактарында Орусиянын карапайым калкына эмес, орус аскерлерине каршы зомбулук көрсөтүү тууралуу чакырыктарга тыюуну убактылуу алып салды. Бул тууралуу компаниянын басма сөз катчысы Энди Стоун Твиттерде маалымдады.

Стоун Твиттерде "Орусиянын Украинага басып киришинин натыйжасында биз зордук-зомбулукка үндөгөн билдирүүлөргө тыюу салууну убактылуу токтоттук"- деп билдирген.

Буга чейин Орусияга каршы чакырыктарга уруксат берилбеген билдирүүлөргө компания "Орус баскынчыларына өлүм" деген ураанды мисал келтирген.

"Бирок биз орусиялык жарандарга карата зордук-зомбулук көрсөтүү боюнча акылга сыярлык чакырыктарга жол бербейбиз" -  деди Мета өкүлү.

Рейтер агенттиги компаниянын ички документтерине таянуу менен мурдараак маалымдагандай, убактылуу уруксат Орусия, Украина жана Польша, Латвия, Литва жана Эстония, Венгрия, Румыния жана Словакия сыяктуу өлкөлөргө, ошондой эле Кавказ мамлекеттерине тиешелүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости