www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ашхабад аэропортунда коопсуздук кызматкерлери түркмөн мигрантынын телефонун текшеришип, намаз окуп жаткан маалда тартылган сүрөттөрүн көрүп, терроризмге айыпташкан. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматына кайрылган жаран билдирген.

"10-июлда мен Түркмөнстанга учтум. Аэропортто телефонумду текшеришип, кайдан келгенимди сурашты. Мен Түркияда иштеп жүргөнүмдү айттым. Намазга жыгыларымды билишкен соң, телефонумду тартып алышып, текшерип башташты", -деди түркмөн мигранты.

Анын айтымында, телефонунда мечиттин жана өзүнүн ал жерде сыйынып жаткан сүрөттөрү болгон. Ушул негизде гана терроризмге айыпталган.

Коопсуздук кызматкерлери: “Сен террористсиңби? Сыягы, чет өлкөдөн курал-жарак ташып келесиң го. Кайсы уюмга мүчөсүң? Уюмдун атын айт, болбосо биз сени бул жерде кыйноого алабыз”, деп опузалашкан.

Мындан соң аэропортто аны эки күн кармап, андан соң гана коё беришкен.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости