www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлгө эшегин көлгө түшүргөн жергиликтүү жаран, эс алуучулар менен урушту. Бул тууралуу Жазгуль Тагаева нараазылыгын билдирип окуянын чоо-жайын өзүнүн Фейсбук баракчасына тартып алган видеотасмасын жана пикирин жарыя кылды. 

Төмөндө жазган тексти толугу менен:

“Кечээ, биз жакындарыбыз менен көлгө түшөлүк деп, Ак-Теректин жээгине барып, жаныдан көлгө түшүп жатсак, бир киши келип эшекти көлгө салып баштады, биз аны  адам катары, биздин арабыздагы улуу адамдар “эшекти көлгө салганга болбойт” деп эскертишти, бирок тигил адам такыр укпай эшекти салып салды. Мен барып “эмнеге эшекти көлгө салдынар, бул жака элдер, жаш балдар түшүп жатышат” десем, “сенин эмне ишин бар, мен эшекти күндө салам” деп, кыйкыра баштады. “Мен бул жакта жашайм, демек каалаган нерсемди кылам”, деген мамиледе “сенин көлүңбү? сатып алдынбы? бул жактан чыгып кет!”, деп мага кыйкырат.

“Эгер сен ушунчалык эшектен жийиркенсең, ооруп калам десең пляжга барып түш, ооруса мен эчак оорумакмын” деп, кыйкыра баштады.

Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлгө ушундай туура эмес иштерди жасаган адамдарга чара көрүлөбү? Көзүң менен көрбөй түшсөң башкача, бирок сенин көз алдыңда, эшек түшкөн сууга эч кимдин деле түшкүсү келбейт го”, – деген пикирин жарыя кылган Жазгүл Тагаева.

Ысык-Көлдүн касиетин, дүйнө жүзү суктанган кооздугун билбеген эшектин ээси "эшекпи"?, - деген суроо жаралат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости