www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер мигранттардын пенсиясы боюнча маселени жөнгө салуу максатында келишим кабыл алганы жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Социалдык фондунун өкүлү Жеңишбек Мукамбетов билдирди.

Анын айтымында, учурда беш мамлекеттин ортосунда пенсия менен камсыздоо келишиминин долбоору иштелип чыгып жатат, жакын арада кол коюлат. Анда территориялык эмес, пропорционалдык принциптин негизинде иш жүргүзүлөрү каралууда:

- Мисал үчүн, биздин мигранттар бул жакка кайтып келип, туруктуу жашап калса, пенсия курагы келип калса биз, мисалы, Орусияга сурам жиберебиз. “Камсыздандыруу топтомдору канча болсо ошону бизге жөнөтүп койгула” дейбиз. Эгер расмий түрдө иштеп, айлыгынан кармалып жүрсө Орусиянын Соцфонду өз мыйзамдарына ылайык эсептеп, пенсия түрүндө бизге экспорттоп жиберет.

1-октябрдан тарта Кыргызстанда пенсия 250-1800 сомго чейин көбөйдү.

Пенсиянын орточо көлөмү 5412 сом. Жашоо минимуму 4393 сомду түзөт. Өлкөдө 634 000 пенсионер бар.

Орусияда 600 миңдей кыргыз жараны бар экени расмий айтылып жүрөт.

Евразия экономикалык биримдигине Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия мүчө. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости