www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Базар-Коргондо жылуу мамилелеш эки тургун айылдашын өлтүрүп, өрттөп жиберишкен

Базар-Коргон районунда жылуу мамиледеги эки тургун 62 жаштагы айылдашын ээн талаада өлтүрүшүп, бензин чачып, сарай менен кошо өрттөп жиберишкен.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, милицияга сарай өрттөнүп кеткендиги тууралуу жергиликтүү тургундардан кабар түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, кароо жүргүзгөн учурда сарайдын ичинен адамдын жансыз күйгөн денеси табылган.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери жансыз дененин өздүгүн аныкташып, каза болгон адам ошол айылдын тургуну болуп чыккан. ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлү астында Базар-Коргон РИИБдин Криминалдык милиция кызматы оперативдүү иликтөө иштерин улантып, күйүп каза болгон тургун киши колдуу болгонун аныкташты. Бул кылмышка шектүү делип эки тургун кармалып, алар өз көрсөтмөлөрүн беришкен.

Базар-Коргон районуна караштуу Талдуу-Булак айыл аймагынын Каба айылынын тургундары — 1964-жылы туулган Калбатыр жана 1981-жылы туулган Минура өз ара сүйлөшүп алышып, быйылкы жылдын 25-сентябрынан 26-сентябрга караган түнү 62 жаштагы Мамарасул аттуу жаранды өлтүрүүнү көздөшкөн. Алар аны үйүнө чакырышып, колу-бутун байлашып, аны жардан кулатып жиберишкен. Ал ошол жерде эле жан берген. Андан соң денени экөөлөп сай жээгиндеги сарайга алып барышып, буту-колу таңылган абалда таштап кете беришкен.

Эртеси күнү шектүүлөр кайрадан жолугушуп, каза болгон Мамарасулду сарайга киргизип, чөбү менен өрттөп жиберишкен. Кылмышка шектүүлөрдө эл Мамарасул карап жаткан сарайда өрт чыгып каза болуптур деп ойлошот деген пикирде болушкан.

Кылмышка шектүү катары кармалган Минура өз көрсөтмөсүндө Калбатырдын коркутуу үстөмдүгүнөн ушундай кылмышка барганын айтууда.

«Мен үйдө тамак бышырып жатканда Калбатыр келип, өтүгүнөн бычак алып чыгып коркутуп кирди. «Мамарасулду чакыр» деп буйрук берди, мен телефон аркылуу байланышып, аны үй тарапка чакырдым. Ал келгенде мен аны акырын алдап, аркан жип менен ороп алдым, ал каршылык көрсөткөн жок. Анан бекинип отурган Калбатыр келди, ага деле каршылык көрсөткөн жок. Аны байланган абалда жардын үстүнө жетелеп чыгып, түртүп жибергенде кулап түштү. Ал жерден Калбатыр аны желкесине көтөрүп, сарайды көздөй жөнөдү. Мен да ага жардам бердим, себеби мага буйрук берди. Анан Мамарасул аке карап жүргөн короо жайга алып барып, сарайдын үстүнө таштап коюп кетип калдык. Бул жерге алып келгенде ал тирүү болчу. Эртеси ал бензин чачып өрттөдү, мен аралашкан жокмун. Баарына ал күнөөлүү», - деди Минура.

Ал эми шектүү Калбатыр Минуранын айткандары калп экендигин, аял акча үчүн аны өлтүрүүгө барганын айтууда.

«Минура ошол күнү биринчи мени чакырыптыр, барсам Мамарасулда 950 миң сом акча бар экенин, аны өлтүрүү зарылдыгын айтты. Мен коркуп кеттим. Мамарасул да ал айткан дарекке келди. Мага дарактардын арасында жашынып тур деп айтты. Кийин мени келе бер деп белги берди. Барсам Мамарасул жипке оролуп, көздөрү таңылып, жардын четинде эңкейген абалда тизелеп отуруптур. Мен жардан түртүп жибердим. Ылдыйга түшкөн жерине келдим, ал мойну кайрылып түшүп, жан берген экен. Анан сарайга алып барып таштадык. Минура андан кийин мени Мамарасулдун үйүнө жетелеп барды. Мен үйүнө кирбей койдум. Ал Мамарасул тирүү кезинде айткан акчасын алуу үчүн үйүн тинтип, түйүнчөк көтөрүп чыкты. Ичинде 750 сом акча бар экен, ошону алып алды. Минура Мамарасулду акча үчүн өлтүрүүгө барды, ортодо мени пайдаланды. Эртеси телефон менен байланышып, эгер барбасам мени күнөөлөп, тил кат жазып, өмүрүнө кол сала турганын айтты. Бензин ала келүүмдү буйруду. Корконумдан 2 литр бензинди көтөрүп алып сарайга бардым. Мен чачтым, ал өрт койду», - деди ал.

Ошондой эле ал Минура менен 3 жылдан бери сүйлөшүп, аны сүйүп жүргөнүн айткан.

«Мен аны жакшы көрүп, ага белектерди тартуулап жүрдүм. Акча да берип жүргөм. Анын мындай адам экенин билген эмесмин», - деди ал.

Маалым болгондой маркум Минурага баш кошуу оюнда бар экенин балдарына да айткан. Бирок балдары каршы болушкан. Кылмышка шектүүлөр окуянын орун алгандыгын бирдей айтышканы менен кылмышты бири-бирине шылтоолоп жатышат.

Базар-Коргон РИИБдин тергөө кызматынан алынган маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 26-сентябрынан 27-сентябрга караган түнү саат 02:00 чамасында 1956-жылы туулган Мамарасул жашаган, айылдашы К.Т.нын үйүнүн короосундагы сарай өрттөнгөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Базар-Коргон РИИБдин жетекчилиги жана тергѳѳ-ыкчам тобу барышып, тийиштүү материалдар чогултулуп, кылмыштарды каттоо китебине өрт кырсыгы болуп катталган.

«Өлүмдүн жана өрттүн себептерин аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүп баштаган. Алдын ала дененин сыртын кароо жүргүзгөн учурда анын денесинде күч колдонулган белгилер бар экендиги байкалган. Мындан улам Жалал-Абад ОИИБдин жана Базар-Коргон РИИБдин Криминалдык милиция кызматы биргеликте тыкыр иликтөөнү колго алып, маркум киши колдуу болуп өлгөнү чогултулган бир топ далилдер менен ачыкталды.

Бул окуя боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөр тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат», - деп маалымдашат тергөө кызматы.

Булак: "turmush"

Последние новости