www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Михаил Фрунзенин үй-музейинде Улуу Ата Мекендик согуштун 72-жеңиш күнүнө карата “Биз силерди эстеп жүрөбүз!” аттуу көргөзмө ачылды. Көргөзмөгө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары Макай Усуповдун, Мусакожо Бекташовдун, Садыр Мамбеткожоевдин фотосүрөттөрү, жоокерлердин тагдырларын чагылдырган ар кайсыл жылдардагы гезиттерге жарыяланган макалалар коюлду. Социалдык өнүгүү жана эмгек министрлигинин маалыматы боюнча республикада азыркы учурда Улуу Ата Мекендик согуштун 647 ветераны жашайт.

Мындан тышкары Жеңиш Күнүнө карата эртең Бишкекте “Эскерүү шамчырагын жандыралы” аттуу акция болуп өтмөкчү. Бул жөнүндө бүгүн пресс-конференцияда Мамлекеттик чегара кызматынын Ветерандар Советинин төрагасы Сталбек Асакеев билдирди. Катышуучулар Ахунбаева көчөсүнөн тарта Батий Баатыр көчөсү аркылуу Советтер Союзунун Баатыр Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркына чейин колдоруна шамчырак кармап алышып, жөө жүрүш жасашмакчы. Уюштуруучулардын айтымында, бул акцияга мектеп окуучулары, күч түзүмдөрүнүн ветерандары жана КМШ өлкөлөрүнүн элчиликтеринин өкүлдөрү катышмакчы.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости