www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Икрамидин мырза, «Ата-Мекен» фракциясынын депутаттары Ө. Текебаев, А. Салянова жана А. Шыкмаматовдордун «Мегаком» чырына катыштыгы бардыгын тастыктаган Белиз өлкөсүнөн келген документтер боюнча ЖК депутаттары да таанышты. Эми кандай аракеттер болушу керек?

– Эгерде ал документтердин жасалмасыз, чыныгы экендиги анык болсо, анда сөз жок кылмыш ишин козгоп, иликтөөлөрдү жүргүзүү керек. Негизи эле «Мегаком» чырына катыштыгы бар делип аткан Аида Салянова көптөгөн башка кылмыштарга аралашкан. Аны мурда эле жоопкерчиликке тартыш керек болчу. Себеби А. Салянова баш прокурор болуп турганда Максим Бакиевди экстрадициялоого тоскоолдук кылган. Ушул жерден ал кандайча тоскоолдук кылган деген суроо жаралат. Дал ошол Салянованын учурунда качкын президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына сыртынан чечим чыгаруулар башталган. Конституцияда мындай жазага тартуу чарасы сыртынан соттоо тартиби тууралуу мыйзамга ылайык кабыл алынышы мүмкүн деп жазылган. Бирок мындай норма кабыл алынган эмес жана КР Кылмыш-жаза кодексине киргизилген эмес. Андыктан Бакиевдерди сыртынан соттоо мыйзамсыз болуп калган. Ошондуктан бир дагы мамлекет Кыргызстанга өздөрүнүн мыйзамдарын бузгандан кийин Максим Бакиевди бербейт, калгандарын дагы. Себеби бул саясый куугунтук болуп саналат. Ошол эле убакта сыртынан соттоо чет мамлекеттерде качып жүргөн карапайым адамдарга колдонулбайт. Мындай бузууларды билип туруп, А. Салянова жана анын «шайкасы» Ө. Текебаев менен биргеликте бир ок менен эки коенду атышты. Биринчиден, алар коомчулукка «мына качкын кылмышкерлер соттолду» деп айтышты, экинчиден, өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн М. Бакиевдин экстрадицияланышына жолтоолук жаратышты. Бул экс-баш прокурордун качкын президент Бакиевдин уулунун кайтып келбешине болгон жеке кызыкчылыгынын далили.

– А. Салянованын А. Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартып бергенине кандай карайсыз?

– Бул дагы мыйзамсыз иш-аракет. Мыйзам боюнча лицензияны алуу же узартуу үчүн өз колу менен жазылган арызды көрсөтүү керек. Бирок, Елисеевге уруксат берилген учурда, ал мамлекетибизде жок болчу. Бул 7-апрель окуясынан кийин, май айында болгон. Елисеевге ал убакта кылмыш иши козголгон. Андыктан «баш тартууга негиз жок болчу» деп айтууга кантип болсун? Ошол убакта Аида Салянова юстиция министри болуп турган жана анын колу бул документте башкы ролду ойнойт.

Источник: egemen.kg

Последние новости